Кыргыз Манас-Түрк университети жетим балдарга арналган кайрымдуулук концертин өткөзүштү. Концерт Панфилов районундагы балдар интернатына жардам берүү максатында өткөрүлдү. Спорт Ордосундагы Гүлнур, Бактыгүл, Кундуз сыяктуу ырчылар катышкан концерт балдардын өмүрүнө жагымдуу таасир калтырганы дүркүрөгөн кол чабуулардан байкалып турду. Концерт соңунда уюштуруучулар балдарга ар түрдүү белектерди тапшырып, айрым класстарды заманбап жабдуулар менен камсыз кылууга сөз беришти.