Кыргыздын намысын чет жерде гана эмес, төркүндөрүнөн да коргоп келген төкмө акын
Майра Керим кызы рак оорусуна чалдыкканынан журтчулук кабардар болсо керек. Эженин ден соолугуна тынчсызданган биз телефон аркылуу байланышып акыбалын сурадык. “Оорудум деп ооруну баккым келбейт” деген төкмө акын учурда өзүн жакшы сезип, кайрадан чыгармачылыкка баш-оту менен киришип иштеп жаткандыгын билдирди. Буюрса, жакында боло турган “Айым айтыш” таймашында жети кыз менен Майра эженин айтышына күбө болобуз.