Өзү окуган мектептен райондук деңгээлге чыккан кичинекей ырчы Калысты быйыл көп ийгиликтер коштоду. Бир нече клип тартып, күйөрман топтоого жетише алган ырчы Свердлов районунда болуп өткөн “Жаш талант -2009” сынагынан 1-орунга ээ болуп диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды. Калыс сынакта классташы Арууке Турдалиева менен “Сайра комуз” күүсүн черткен эле.