Батирден батирге көчүп, үй азабын тарткан “Кеңеш” тобунун ырчылары Мүзүр Мамбетов келинчеги экөө учурда там салууда. “Үңкүр да болсо үйүм бар” дегендей, ырчылар Калыс-Ордо жаңы конушуна тургузуп жаткан үйүн тезинен бүтүрүү максатында Кыргызстандын бүт аймагын кыдырып концерт коюп жүрүшөт. Андан сырткары, ырчы той-аштарда тамада болсо, келинчеги ырдап да акча табышууда.