Мындан эки жыл мурун Эл аралык “Мустафа Кемаль Ататүрк” кайрымдуулук фонду түрк тилдүү элдердин маданиятына кошкон салымы үчүн Кутман Жолдошевге Ардак грамота ыйгарган эле. Эми аталган фонд “Кыргыз элинин салттуу музыкасына кошкон салымы үчүн” деп ырчыга алтын медаль тапшырды. 27-апрелде берилген медалды фонддун президенти Мудур Усманов тапшырды.