Эки жылдан бери Кыргызстанды кыдырып концерт бербей калган «Кыз-Бурак» тобу узак мөөнөттүү гастролго сапар алышты. «Мекенибиздин бир дагы районун калтырбай баарын кыдырабыз» деген топ көрүүчүлөрүнө көптөгөн жаңы чыгармаларды тартууламакчы. Үйбүлөлүк шартына байланыштуу Москвада жүргөн Айжамал Кабылова жакында мекенине кайтып келип, гастролго кошулмакчы.
.