АЯЛЗАТЫ АСКЕРДИК КЫЗМАТТА...

Өмүрлүк жолдошуна күйүмдүү жар, балдарына мээримдүү эне болуу – ар бир аялзатына табият тарабынан ыроолонгон ыйык милдет. Биздин заманда мындай милдетти аркалоо менен бирге эр көкүрөк жигиттердин катарында аскердик кызматта жүргөн кыз-келиндер да бар. Бул ирет биз аскер кызматындагы аялдардын жашоосу менен таанышуу максатында Аламүдүн районунун Пригородный шаарчасындагы аскердик бөлүктү көздөй жол алдык. Көздөгөнүбүз – аялзатына аскер кызматкери болуунун түйшүгү канчалык экендигин билүү.

“Арыз-арманыңарды айтып алсаңар болот”
Бишкектен 21 чакырым алыстыкта жайгашкан Коргоо министрлигинин №73809-аскердик бөлүгүн көпчүлүк “Койташ аскердик бөлүгү” деп билишет. Пригородный аталган аскердик шаарчада жайгашкан бул бөлүктө бизди штаб жетекчиси полковник Бакыт Рахматов жана аскердик форма кийген аялдар тосуп алышты. Штаб жетекчиси алгач аскердик бөлүк туурасында кеп козгой кетти.
– Биздин аскердик бөлүк – Кыргызстандын аймагындагы эң илгерки бөлүктөрдүн бири. Табияты кооз жерден орун алган. Абасы, суусу таза.
– Анда башкага эмес, дал ушул бөлүккө туш келгенине жоокерлер, аскер кызматкерлери кубана беришсе болот экен да?
– Албетте.
Жылмайып күлүп алган полковник бизди күтүп чогулуп турган айымдарга кайрыла кетти.
– Та-ак, урматтуу айымдар, бул журналисттер сиздер менен таанышып, аскердик жашоо тууралуу билгени келишти. Сүйлөшүп, арыз-арманыңарды айтып алсаңар болот,- деп бизге жол көрсөтүп жүрүүгө жашыруун бөлүктүн жетекчиси Гүлжамила Алтымышеваны кошуп берди.

“Балдарга да буйрук берип сүйлөп калабыз”
Жөн жайыбызды түшүндүргөн соң жардана чогулуп турган формачан айымдар менен ичкери кирип, кенен залга коюлган дивандардан орун алып, маегибизди баштадык. «Чү» дегенде эле узатканыбыз “эмне үчүн башка тармактарды эмес, аскердик кызматты тандагансыңар?” деген суроо болду. Алгачкы сөздү менин жанымдан орун алган аял баштады.
– Кыргызда аялзатынын милдети үйбүлө очогун өчүрбөй, таза, жылуу кармап, күйөөгө, балдарына кам көрүү болгон. Дээрибизге сиңген мындай түшүнүктөн улам аялдын аскер кызматкери болушун бардыгы эле колдой беришпейт. Кыздарга ата-энеси каршы чыкса, келиндерге жолдоштору каршы чыгышат. Андыктан, аскер кызматында көбүнчө жолдошу да ушул системада иштеген аялдар иштешет. Мисалы, өзүмдү алайын. Турмушка аскер кызматкерине чыктым. Ал ушул бөлүктө иштейт. Баш кошкон соң шаарга күнүнө 40 чакырым жол басып барып-келип иштөө мүмкүн эмес болуп калганынан улам мен да ушул эле бөлүккө кызматка киргем. Учурда дарыкананын башчысымын.
Бул прапорщик айымдын аты-жөнү Гүлмира Касымбекова экен.
– А мен болсом аскердик кызматка келүүнү өзүм чечкем. Жакындарымдын эч бирөөсүнөн уруксат сурап отурбай эле арыз жазып, иштеп калгам,- деп өзүн Самара Абыканова деп тааныштырган айым маекке аралашты.
– Ал кезде эмчи айымдардын маянасы абдан аз, ал эми аскердик кызматтагылардыкы андан көбүрөөк болчу. Ошого карап, медпунктка ишке кирип алгам.
– Канча айлык аласыздар?
– Тажрыйбаңа, чиниңе карата айлык көбөйүп отурат. Арабызда 2000 сом айлык алып иштегендер бар.
– Башка өлкөлөрдө аскер кызматкерлеринин маянасы көп. Бир нан 20 сом болуп турган чакта 2000 сом менен бир ай жашоо канчалык кыйын экенин айтпаса да түшүнүктүү...
– Туура айтасыз. Минтип форма кийип жүргөнүбүз эле болбосо, кызматыбыздан чекебиз жылыйт деген үмүт жок. Алган айлыгыбыз, чынын айтканда, үч күн ичинде эле түгөнүп калат.
– Анан калган 27 күн ичинде кантип жашайсыздар?
– Карыздап жашайбыз. Жатаканабызга жакын жерде дүкөн, күркөлөр бар. Ошолордон азык-түлүктү карызга алып жашай беребиз. Көпчүлүгүбүздүн моюнубузда эки-үч айга алдын-ала алып койгон карыздар бар.
Жакыр жашоосун айтып арызданып кирген аялды жанындагы шериктери капталга нукуп: “Бул сөздөр гезитке чыгып кетсе, эртең жетекчилерден кеп угуп жүрбөйлү”,- деп шыбырай башташты. Ого бетер капаланып кирген эже: “Эмне, мен бул кепти оюмдан чыгарып жатыптырмынбы? Жетекчилерибиз мындай абалыбызды билбейт дейсиңерби?”- деп шериктерине сөз бербеди.
Бир баштан айтып отурса, аскердик кызматка келип калууга ар биринин өзүнүн себептери бар. Кимдир-бирөөсүн катардагы кызматкерлердикинен аз да болсо көбүрөөк маянасы, дагы бирөөнү бекер жатаканасы, дагы бирөөнү пенсияга башкалардан эрте чыгуу мүмкүнчүлүгү кызыктырган.
– Аялдын бактысы үйбүлөдө экени талашсыз. Аскер кызматкери болуп эркектер менен теңтайлашуу аялзаты үчүн оор эмеспи?- деп мен өз ара кызуу кепке кирген формачан аялдарды дагы кепке тарттым.
– Жеңил турмуш жомокто гана болбосо... Кайсы жумушту аркалаба, кандай кесипти тандаба, бардыгынын оорчулугу бар. Бирок, аскердик кызматтын катардагы кызматтарга окшобогон өзгөчөлүктөрү, тартиптери бар. Кааласаң да, каалабасаң да ал тартиптерге баш ийишиң керек болот.
– Мисалы, кандай тартиптер?
– Өзүңдөн чини жогору кызматкердин алдынан чыгып калсаң, дайыма честь берип, жанынан марш тээп өтүшүң керек. Аскердик бөлүктө иштегендиктен аскер кызматкери болуп саналабыз. Андыктан ай сайын атайын бекитилген көрсөт­күчтөр боюнча зачёт тапшырып турууга туура келет. Чуркоо, пресс жасоо, куралдардын бир нече түрүнөн атуу, мылтыктарды бөлүктөргө ажыратып кайра чогултуу, куралдарды тазалоо деген өңдүү тапшырмалар болот.
– Эркектер менен теңтайлаша мындай кызматта жүрүп үйдөгү аялдык милдеттерди унутуп калбайсыңарбы?
– Кандай кызматты аркалабагын, жолдошуң үчүн кожойке, балдарың үчүн дайыма эне боюнча кала бересиң. Өкүнүчтүү жери, үйбүлөгө жетишээрлик убакыт бөлө албайбыз.
– Ошол себептүү үйдө түшүн­бөстүктөр чыккан учурлар да болсо керек...
– Башында айтпадыкпы, мындагы үйбүлөлүү айымдарыбыздын баарынын күйөөлөрү – аскер кызматкерлери. Анткени, аскер кызматкери бул кызматтын өзгөчөлүктөрүн түшүнөт. Ал эми аскер кызматындагы аялга аскер кызматында иштебеген эркек үйлөнбөйт. Үйлөнсө да андан ары аялдын аскер кызматында иштешине макулдук бербейт. Мына, жакында эле бир кызыбыз аскер кызматында иштебеген жигитке турмушка чыгып, кызматын таштап кетүүгө аргасыз болду. Жубайынын таң заарынан кечке чейин жоокерлерге, тактап айтканда, эркектерге аралашып жүрүшүнө кө­рүн­гөн эркек макул боло бербейт тура. Аскер кызматкери болгон аялдын балдарына жасаган мамилеси да аскердик мүнөздө болуп калат.
– Мисалы...
– Кызматта жалаң буйрук берген тондо сүйлөйт эмеспизби. Бизге жетекчилер, биз болсок жоокерлерге буйрук беребиз. Бул жакта “суранам, минтип койчу?!” деген кепти өмүрү укпайсың. Мындай мүнөздөгү сүйлөшүүгө биротоло көнүп калган жаныбыз үйдө балдарга да ошентип сүйлөп калабыз. “Айтканды аткардыңбы? Тезинен бурчка колуңду көтөрүп тур! Буйрукту кыйшаңдабай аткар!”- деп.

Аскердик кызматта чуркай билүү шарт
Залдан чыгып, жогорку кабаттагы машыгуу залына жеткиче менин маектештерим өздөрүнүн турмушу тууралуу сүйлөп берип баратышты.
Бул залда куралдануу бөлүмүнүн, аткычтар батальонунун кызматкерлери машыгып жатышыптыр. Пресс жасап, турникке тартылып жүргөн аялдар зачёттон өтүү үчүн пресс жасоодон тышкары белгиленген убакытта жүз метрге жана бир чакырымга чуркоо шарт экендигин билдиришти.

Автоматты 12 секундда бөлүктөргө ажыратуу керек
Бизди жол көрсөтүүчүбүз Гүл­жамила эже эми аткычтар талаасына баштап барды.
Анчалык бийик эмес дөңчөгө салынган бир кабаттуу имараттын ичинде БТР, танка өңдүү согуштук техникалар бар экен. Бул имараттын алдындагы аянтчада аскер кызматкерлери автомат, пулемёт, гранатамёттон атканды үйрөнүшөт. Бизди бул жерде штаб жетекчисинин буйругу менен бөлүктөгү аял аскер кызматкерлеринин ичинен көзгө атар мерген болуп саналган эки айым күтүп турушкан экен. Стол үстүнө автомат, пулемётторду даярдап коюшуптур. Көзгө илешпей шыпылдаган колдору менен эки айым заматта Калашников автоматтарын бөлүктөргө ажыратып, кайра заматта чогултуп салышты. Секундомерге көз салган инструктор жигит автоматтар 12 секунд ичинде ажыратылып, 18 секундда чогултулуп бүткөндүгүн билдирди. Аялзатынын назик колдорунун мындай ишине тан бербей коё албайт экенсиң. Андан соң эки айым пульттук башкаруу менен улам бир дөңсөөдөн көтө­рүлгөн буталарды автомат менен ата башташты. Биринчи бутанын алыстыгы 200, экинчиники 250, анан 300, акыркысы 450 метр алыстыкта экен. Аскер кызматындагы айымдардын максаты – жылып турган бул буталарды таамай атуу. Болбосо атайын белгиленген көрсөткүчтү тапшыра албай, зачёттон өтпөй калышат.

“Депутаттарга окшоп үйлөрдү менчиктештирип ала албайбыз”
Казармадан алыста жайгашкан аткычтар талаасынан чыккан соң эми аскер кызматкерлери жашаган үйлөрдү көздөй бет алдык. Бир, эки үч кабаттуу үйлөр илгерки совет мезгилинде бөлүктөгү аскер кызматкерлерине арналып салынган. Илгери бул үйлөрдө ысык суу, газ, жылуулук болгон. Мындай шарттын баары совет мезгили менен кошо урап жок болгон өңдүү. Азыр үйлөрдү аскер кызматкерлери өздөрү жылытышат экен.
– Кабаттуу үйлөргө меш киргизип, от жагуу мүмкүн эмес. Андыктан, быйылкы кыш өзгөчө эсибизде калды. Кычыраган чилдеде калтырап үшүп чыктык. Электр энергиясы үйдү жылытууга эле эмес, бөлмө­лөрдү жарык кылууга да кубаты жетпей жатпадыбы. «Өлбөгөн жанга жаз келет» деп күн жылыганына биз өзгөчө кубандык окшойт.
Кебинин аягын тамашага айланткан Гүлжамила эже аскер шаарчасынын бул тарабы менен да тааныштырып баштады. Катарынан тизилген үйлөр­дүн жанында жаш балдар ойной турган бир дагы аянтча жок экен.
– Гүлжамила эже, бир да үйдүн алдында балдар ойной турган аянтча жок экен, балдар кайда ойношот?
– Аянтчаны айтасың. Ал жок болсо деле макул, бир балабакча болсо жыргабайт белек. Бул шаарчада жашап, аскердик бөлүктө иштеген кызматкерлердин балдары балабакчаны көрбөй эле мектепке барышат.
– Анда мектеп жашына жеткен балдардын тагдыры кандай болот?
– Аларды бөлүктүн автобусу менен мектепке алып барып, кечкисин алып келишет.
– Жашоо шартыңар бул болсо, алган айлыгыңар аз болсо, бул жерде сиздерди эмне кармап турат?
– Кыйналган учурлар көп эле болот. Ошентсе да берилүү менен кызмат өтөп келебиз. Үйлөрдү кышкысын жылытуу кыйын болгону менен бөлмө­лөрү чоң, жайлуу. Анын үстүнө, акы төлө­бөй­бүз. Айрым кызматкерлерибиз ушул бекер башпаанек үчүн да башка ишке өтүп кетпей, бул жерде жашап, иштеп жүрүшөт. Бул аскердик жабык шаарча болгондуктан, үйлөрдү депутаттарыбызга окшоп менчиктештирип алуу мүмкүнчүлүгү да жок. Канча жыл иштесең, ошончо жыл жашап, кызматтан бошогон соң үйдү бошотуп берип кете бермей. Офицерлерде да кичине үмүт бар. 20 жылдан ашуун кызмат өтөсө, өкмөт тарабынан үй берилиши мүм­күн. Биз өңдүү кенже кызматкерлерде болсо андай үмүт да жок.
Кызматына таянып келечектен көптү үмүт кыла алышпаса да, кабагым-кашым дебей аскердик кызматта жүргөн айымдар бизди көңүлдүү узатып кала беришти. Биз болсок кыска саякатыбыздан улам пайда болгон “кыздарга аскердик кызмат өтөө милдети киргизилиши мүмкүн­бү?” деген суроону редакцияга жеткиче талкуулап келдик. Кепке кошулбай келе жаткан айдоочубуз “аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү жигиттерди, кызматкерлерди мамлекет кыйратып бага албай жатат да, эми бул маселеге кыздарды кошконубуз калыптырбы?” деп талашка чекит койду. Албетте, бул пикирди туура эмес дей албайбыз. Ошентсе да “балким, кыздарга аскердик кызмат өтөө милдети киргизилсе, өз милдеттерин жигиттерден артык аткарышаар беле” деген ой келбей койбойт экен. Аялзаты дайыма өз милдетине жоопкерчиликтүү мамиле кылат эмеспи.

Даярдаган Шаиста Шатманова. Фотолор Ташболот Досалиевдики

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 284, 11-17 апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан