Азиз акыркы мезгилде көп көрүнбөй кетти. Сураштыра келсек, бул жигит ыр жаздырып чыгармачылык менен алек экен. Америкалык ырчылардын стилин ачык эле тууроону өздөштүргөн ырчы жакында бир эмес, эки ыр жаздырган. Алар радиолордон кете баштаганда жактырбай эки ырын тең жок кылып салган. “Акыркы күндөрү намаз окуп дин боюнча сабак алып жатам” деген ырчынын бул кыжаалаты эмнеден деген суроого жооп таппай башыбыз маң.