Жыл сайын Нарын аймагында жаш таланттар арасында сынак өтүп келет. Сынакка манасчы, ырчы-бийчи, дастанчы, улуттук аспапта ойногондор, уздар менен усталар, айкелчи менен сүрөтчү жаштар катышышты. “Жаш талант–2009” сынагынын жеңүүчүлөрү Стамбулда 29-майдан 6-июнга чейин өтүүчү түрк тилдүү элдердин 15-фестивалына барып ат салышмакчы.