Сакадай бою сары алтын Алексей чыныгы кыргыз болгусу келет. Кыргыздын улуттук кийимин кийип стилин биротоло өзгөрттү. Кыргыз тилин гана эмес, салт-санааларын да үйрөнүүгө активдүү киришти. Бул өзгөрүүлөргө Алексейдин сүйгөн кызы абдан таң калды. Баса, сүйгөнү кыргыз кызы. Алексейдин айтуусунда, үйлөнүү той да накта кыргызча өтөт.