ЭРНЕСТ АБДЫЖАПАРОВ: «ӨЗҮМДӨН ӨЗҮМ ЭЛЕ РЕЖИССЁР БОЛУП АЛГАМ»

Рубрикабыздын коногу – «Айыл өкмөтү», «Боз салкын» аттуу фильмдердин жаратуучусу, 2007-жылдын мыкты кинематографисти, кино жана телевидение жаатында Кыргызстан жаштары мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, композитор, сценарист, кинорежиссёр, продюсер Эрнест Абдыжапаров.

Фильмдери:
1993 – «Менин пирим – Алманбет»;
1995 – «Таранчы»;
1995 – «Беш-Терек»;
1995 – «Хрупкий лес»;
1996 – «Подземный переход»;
1997 – «Алдей»;
2000 – «Остановка»;
2000 – «Босого»;
2001 – «Альгамбра»;
2004 – «Айыл өкмөтү»;
2007 – «Боз салкын».

«ӨЗҮМДҮ РЕЖИССЁР ДЕП ЖАРЫЯЛАДЫМ»
– Эрнест агай, кичинекейиңизден бери режиссёр болгуңуз келчү беле?
– Кино жөнүндө ойлоп жүрчүмүн. Бирок, «режиссёр болом» деп 5-класста окуп жүргөндө чечкем. Бир күнү колума “Дүйнө жүзүндө” журналы туш келип калды. Андан “ал режиссёр кесибин тандап алды. Себеби, ачык абада иштегенди жакшы көрчү” деген сүйлөм­дөр­дү окудум. Алгач ачык абада иштегени жакшы экен деп, анан режиссёр болгон да сонун болсо керек деген ой кетти. Дароо эле көз алдыма тоо-токойлор, табият, анан ошол жерде кино тартып жаткан адамдарды, актёрлорду жана бардыгын башкарып жаткан өзүмдү элестеттим да, “режиссёр болом” деп чечтим. Ошол күндөн тартып режиссёр болуу мен үчүн кыял гана эмес, эми максат болуп калды.
– Ата-энеңиз буга кандай карачу эле?
– Апам кесиби боюнча медик, атам юрист. Кино тартуу алар үчүн жеңил ойлуулук, аракечтик менен барабар эле. Атам 29 жашында райондук прокуратураны башкарууга жетишкен, бирок, анын карьерасы арактын айынан бузулган. Апам “эч кандай кино тартпайсың, ал аракечтердин иши” деп койгон.
– Дароо эле тил алып калдыңызбы?
– Бир убакта оюмдан кайткандай болдум. Ошол кездеги атактуу «Наристе» балдар ансамблине барабан кагуучу болуп кирдим. Кийин музыкалык факультетке да тапшырдым. Бирок, ал жерден бат эле чыгып кеттим да, Орус тили жана адабияты институтуна тапшырып алдым. Себеби, сценарий жазуу үчүн тилди мыкты билиш керек болчу.
– Демек, сиздин атайын режиссёрлук жогорку билимиңиз жок экен да?
– 27 жашымда режиссёрлук билим алууга акыркы мүмкүн­чү­лү­гүм бар эле. Москвага чакырык алып, “режиссёрлук диплом алмайынча кайтпайм” деп өзүмө сөз берип жөнө­дүм. Режиссёрлук курстарга өтөөрдө алгач абитуриент маекте­шүүдөн өтүп, андан соң гана анын актёрдук жөндө­мү, сценарий жаза алабы же жокпу ошонусу текшерилчү. Коркконум – маектешүү, жалаң ошого даярдандым, андан өтсөм эле болду эле. Бирок, так ошол мен тапшыраар жылы биринчи жазуу иштерин кабыл алып, анан маектешүү кылууну чечишкен экен да, мен өтпөй калдым. Барбаган адамым, какпаган эшигим калбады. Баарыбир алышкан жок. Анан жакшылап ойлонуп көр­дүм. Диплом дегениң эмне? Кагаз. Мен Москвага эмнеге келдим? Режиссёр болгону. Күзгүнүн маңдайына келдим да, өзүмдү режиссёр деп жарыяладым. Ошентип, бир жумадан кийин Москвадан режиссёр болуп кайтып келдим.

ФЕСТИВАЛДАРДЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ ТАКСИСТ БОЛУП АКЧА ТААП...
– Мекениңизде да сизди режиссёр катары кабыл алыштыбы?
– Албетте, бул жакта мага кино тартууга уруксат беришмек эмес. Жан багыш керек эле, Сарыжазга барып үйбү­лөм менен бир кафени ижарага алдык. Түнкүсүн бий уюштуруп, күндүз ашлям-фу менен бозо сатып акча таап баштадык. Бирок, Союз кулаганда музыкалык жабдыктардан башка эч нерсе калбады. Бишкекке келип, сценарийлеримди киностудияга, ырларымды телевидениеге сунуштап жүрө бердим. Сөзсүз бир күнү бир ийгиликке жетишем деп ишендим.
Үйдө бир тыйын акча жок болгон күндөр болгон. Акырындап кино тарта баштадым, фестивалдарга чакыруу түшө баштады. Эки бөлмөлүү квартиралуу болгонубуз – чоң жетишкендик эле. Анан машиналуу да болдум. Үйгө нан алып келүү үчүн кээде таксист да боло коёр элем. Бирок, ошондо эле кинофестивалдарда жакшы ийгиликтерге жетип калган элем. Үйбүлөм мени түшүнүп, үмүт менен жашачу.

«АСЕМАНЫ КАНТИП АЛАКАЧЫШСА, ЖУБАЙЫМДЫ ОШЕНТИП АЛАКАЧКАМ»
–“Боз салкындагы” кээбир кө­рү­нүш­тө­рүн түшүңүздө көргөнүңүздү айткан элеңиз. Ал эми кыз алакачуу да түшү­ңүз­дөн­бү же жашооңуздан алынган көрүнүш­пү?
– “Боз салкындагы” эки каармандын аттарынын алмашып кеткенин түшүмдө көргөм. Тасманын сценарийи өзү ошол эпизоддун тегерегинде токулуп чыккан. Ал эми Асеманы кантип алакачышса, жубайымды да ошентип алакачкам... Бул да чындык. Мен да жубайымды тоого, жайлоого алып кеткем. Дос балдар менен алакачууну ийне-жибине чейин пландап алып, тасмадагыдай машинага салып кеткенбиз. Эптеп атып отургузушкан. Кийин “Бозсалкынды” көргөндө жубайым баарын тү­шүндү.
– Анан “Боз салкында” болгондой экөөңүздөр түшүнүшүп, бактылуу жашап кеттиңиздер...
– Ооба. 23 жылдан бери менин колдоочум, демөөрчүм, сынчым – жубайым. Азыр 4 баланы тарбиялап жатабыз. Тун кызыбыз Гүлкайыр “Дианетика” борборунда профессионалдуу супервайзер болуп иштейт. Орун басарым, уулум Санжар – режиссёрлукка берилип келет. Андан кийинки кызым Перизат Самара Токтакунова эжесинен комуз черткенди үйрөнүп жатат. Эң кичүүбүз азыр эки жарым жашта.

«ЖАҢЫ ТАСМАМДЫ ТАРТУУГА КАМДАНЫП ЖАТАМ»
– Алдыдагы пландарыңыз кандай?
– Азыр каалоочулар үчүн киноөндүрүш боюнча мастер класстарды өтүп жатам. Мастер-классты бүткөн­дөр­гө сертификат берилет. Алар сценарий жазып, кино тартышат. Ушул чакан мектепти бүткөн­дөрдүн жараткан фильмдери буюрса, ноябрь айында боло турган фестивалда акчалай сыйлыктарга ээ болушат.
– А өзүңүздүн жаңы киноңузду качан көрө­бүз?
– Жакында. “Влюблённый вор” аттуу комедиясы да, мушташы да, криминалы да, философиясы да аралашкан жаңы тасманы тартууга даярданып жатам. Күздө даяр болуп калат деген тилек бар.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 284, 11-17 апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан