Бир жылдан бери Замир Мырза Динара Эсенгулова менен “Хитпарад-ит парад” дешип таарынышып жүрүшкөнүн угуп калсаңыз керек. “Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт” дегендей, чогулган жерлери бир болгондуктан экөө көп кезигери бышык. Жакында таарынышкандар элдешкенин эшиттик. «Кыздын кырк чачы улуу» деп биринчи болуп Замир кечирим сураптыр. Бири-бирине жүздөрүн бургандар “чыгармачылыкта өлөк-жөлөк болуп жүрөлү” деп сөз беришип жакшы маанайда коштошушту дешет.