Самат борбордо өткөн концертке катыша коём деп бутун сындырып алды. Ырчы ырдап бүткөн соң шашып-бушуп тепкичтен түшүп баратып бутун кайрып алган. Алгач жөн гана ооруксунуп калган го десе буту шишип чыккан. Натыйжада, “Тез жардам” чакыртып ооруканага барса, буту сыныптыр. Учурда Самат эч жакка чыга албай, айгайлап үйдө отурат. Ырчы жигиттин эртерээк сакайып кетишин тилейбиз.