Съездбек жакында эле Дубайга барып келди. Ал жакка барган ырчы эс алуудан сырткары, жакшы иштин да башын кылтыйта келди. Башкача айтканда, белгилүү индиялык кинорежиссёр Радж Гапурдун чөбөрөсү кинорежиссёр, клипмейкер Гапур менен таанышкан. Таанышууда кинорежиссёр ырчыдан Кыргызстанга келип индия жылдыздарынын клибин тартууну уюштуруп берүүсүн суранган. Ырчынын айтымында, эки тарап макулдашууларга кол коюшса алдыга коюлган иш-пландар май айынан тарта жүзөгө ашмакчы.