Телеалпаруучу Нурзат Токтосунова 7-майдан баштап Маданият министрлигинин Концерттик ишмердүүлүк бөлүмүнө башкы маркетолог болуп ишке орношту. Буга чейин Алматыда жашап келген Нурзат эми биротоло Бишкек шаарына көчүп келип, чыгармачылыкка баш-оту менен киришти.