Ыр-бийге шыктуу жаш таланттардын башын бириктирип, ырчылардын ырларын кооздоп келе жаткан “Дея” тобунун тушоо кесүү концерти 19-майга белгиленген. Топ концерт алдында жакшы ийгиликке жетишти. Бийчилердин жетекчиси Наргизанын айтымында, мектеп окуучуларынан турган курам райондо өткөн “Жаш талант-2009” сынагынан биринчи орунга ээ болушкан. Эми аталган топ облусттук деңгээлде болуучу сынакта ат салышмакчы.