Мирбек Иманбековдун туулган күнү күркүрөгөн күздүн ноябры экенин билсеңиз керек. Ырчы туулган күнүндө концерт берсемби деп жатат. Түзүлгөн пландын негизинде Мирбек гитарада, комузда ойногон жана шылдыракчы балдарга кастинг жүргүзө баштады. Мындай аракетине караганда мүчөл жашында өткөрө турган концертин ырчы оригиналдуу кылат окшойт. Айтмакчы, тандалып алынган балдар кийин Мирбек менен бир топ болуп чыгышат.