Мукам үндүү ырчы Назминин бойдок экенин билчү белеңиз? Эми бойдок эмес, ак жоолукчан келинге айланды. Токтогулдук жигитке турмушка чыккан ырчы бир үйдүн тун келини. Өзүнөн сегиз жаш улуу Назминин жолдошу учурда жеке ишкер. Ырчы жолдошу менен 13 жыл жөн гана тааныш болуп жүргөн. Өжөрлүгүнөн кайтпаган жигит ушул жылдар аралыгы Назмиге жубай болуу сунушун тынбай айтып келген. “Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң” дегендей, акыры ал жигит ырчыга үйлөнүп тынды.