Жылдыздуу ырчы жигит Айдин Шер темир тулпарлуу болду. Мерседес Е-200 үлгүсүндөгү көк түстүү темир тулпарды Айдинге ата-энеси белек кылышты. Ошентип, ата-энеси эрке уулуна чыгармачылыкта ийгиликтерге жетишин тилеп отурушат. Учурда кубанычы коюнуна батпаган Айдин темир тулпарын зуулдатып айдап жүргөн кербези.