Учурда Германияда жүргөн ырчы, бажыканачы Бек Борбиев эми спорттун өнүгүшүнө да өз салымын кошо турган болду. Тактап айтканда, Классикалык жана пляж волейболу федерациясынын президентинин орун басары болуп дайындалды. Көздөгөнүнө жеткен ырчы эми кыргыз жаштарынын баарын волейболго кызыктырууга, ал гана эмес, спорттун бул түрү менен чет жерде да Кыргызстандын намысынын корголушуна өбөлгө түзөт деген ишеним чоң.