Түштүк аймагындагы ЖОЖдордун КВН курама командалары тапкычтыгы, тамашакөйлүгү, окуяны элге күлкүлүү кылып жеткизе алгандыктары боюнча таймашышат. “Шайыр тапкычтар клубу” аталган бул сынак саламдашуу, тасмаларды күлкүлүү которуу сыяктуу беш бөлүктөн турат. Таймашка катышкан жети командадан алга озуп чыккандар акчалай сыйлыкка ээ болушмакчы. Конкурсту уюштурууну “Жаңы Кыргызтан” саясый партиясынын Ош шаардык төрагасы Замирбек Божонов өз колуна алган. Кыргыз тилинин баркын, жаштардын чыгармачылыгын көтөрүүнү, ЖОЖдор ортосундагы достук мамилени чыңдоону максат кылган таймаш Ош улуттук драма театрында өткөрүлөт.