БИР КОНЦЕРТТИН ЧЫГАШАСЫ МЕНЕН КИРЕШЕСИ КАНЧА?

БИРИНЧИ КАДАМ ЖЕ МАДАНИЙ ЖАЙЛАРДЫН АРЕНДА АКЫЛАРЫ
Адеп эле концерт коюуга көңүл­дөн­­гөн артист концерт өтүүчү жай тандоого киришет. Андай маданий очокторго “Россия” кинотеатры, Кыргыз драма театры, Улуттук филармония, Спорт ордосу кирет. Аталган жайлардын аренда акысы залдын чоң, кичинелигине жана жайлуулугуна карата төлөнөт:

“Россия” кинотеатры (800 орундуу) 4 миң сом.
Улуттук филармония (1200 орундуу) 10 миң сом.
Кыргыз драма театры (800 орундуу) 8 миң сом.
Спорт ордосу (2200 орундуу) аппаратура, светинен тышкары 8 миң сом.

Рекламалоо маселелери

Афишаны чыгартуу.
Концерт койгусу келген ар бир артист көчөгө афишаларын илдирээри талашсыз. Афишаны ар ким чөнтөгүнө жараша ар кандай кылып чыгартат. Афишалардын баасы сапатына жараша бир даанасы 2,5 сомдон 15 сомго чейинки сумманы түзөт. Концерт коюучулар көпчүлүк учурда миң даанадан афиша чыгартышат.
Афишаны чаптатуу. Афишалар даяр болгон соң, аларды шаардын көрүнүктүү жерлерине чаптоо кезеги келип жетет. Бул ишти аткара турган атайын агенттик бар. Ал агенттик ар бир афиша үчүн 6 сомдон сурап, 1000 афиша үчүн артисттин 6000 сомун кагып алат.
Ал эми рекламалык чоң щиттерге илдирүү үчүн сүрөттү жасалгалатуу 100 доллардын кунуна турат. Щитке илдирүү акысына мөөнөтүнө жараша 100 доллардан 200 долларга чейин сарпталат.

БИЛЕТТЕР, ЧАКЫРУУ БИЛЕТТЕРИ.
Билеттерди ар кайсы агенттиктерден ар кандай баа менен чыгарса болот. Орточо эсеп менен билеттердин ар бир даанасына 2 сомдон 5 сомго чейин сарпталат.

ТЕЛЕРАДИО РОЛИКТЕРИ.
ТВ. Жогорудагы иштерди бүтүр­гөн соң, артист телерадиокомпанияларга чуркайт. Мисалы, телероликтердин баасы 1 мүнөтүнө КТРде 1400 сом, РТР каналы үчүн 1600 сомду түзөт. Артист капчыгына карап, күнүнө канча жолу жана канча мүнөттөн кетирүүнү тандап алат.
Радио. Мында көбүнчө рекламаны берүү 10 күнгө чектелет да, бул үчүн радио кызматкерлери 4500 сом талап кылышат.
Радио түйүндөрү. Мындан тышкары реклама үчүн базарлардагы радио түйүндөргө күнүнө 50 сомдон төлөйт.

КОНЦЕРТТИН ЖҮРҮШҮНДӨ.
Сахнанын жасалгасына орто эсеп менен 100 доллардан 1000 долларга чейинки акча кетет.
Музыкалык аппаратурага Спорт ордосуна 100 доллардан 300 долларга чейин төлөнөт.
Жарык берүүчүлөрдүн «ставкасы» 150-300 сом.
Чакырылган ырчы конокторуна артист мамилесине, келишимине жараша 200 сомдон 200 долларга чейин төлөйт.
Патент, салык. Концерттен түшкөн кирешенин 6 пайызы патентке, 4 пайызы салыкка кетет.

Кыскасы, кетпеди дегенде 60 миң, жакшы даярдык көрүлдү дегенге 150 миңге чейин акчасын жумшап, азыркыдай катаал шартта артисттин концерт беришинин өзү эрдик. Артист концертке даярдык үчүн кетирген чыгымдарынан сырткары киреше таба алабы, жокпу аны концертке келген элдин саны чечет. Эл сүйгөн ырчы болуп, рекламасы жакшы болсо, ага кошумча концерт майрам күндөрү­нө туш келсе, анда аншлаг менен өтөт дей бериңиз. Эл залдын 90 пайызын ээлесе, анда артисттин акыбетинин кайтканы. Эгер мындай концерт 3-4 күнгө белгиленсе, анда артист кирешесине чакан үй же машина сатып ала алат. Эгер артисттин концерттен жолу болбой калса, анда чыгымын жапса сүйү­нөт. Чыгымын жаппай калган учурлар да көп эле кездешет.

Даярдаган Рахбар Алымкулова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 188, 9-15-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан