Мурда жалаң орусча, англисче ырдап элге таанылган Микаэль эми кыргызча ырдоого өттү. Белгилей кетсек, ырчы буга чейин бир да кыргызча ырдаган эмес. Бул жигиттин жеке жашоосунда да чоң өзгөрүүлөр болуп кетти. Кандай деп кызыга түштүңүзбү? Тактап айтканда, ырчы бир жылдан ашык сүйлөшүп жүргөн кызынан кол үздү. Учурда ырчы аны унута албай кыйналып турган кези.