Ырчы Жылдыз Сегизбаеваны мурунку сандарыбызда издеп таппай жаттык эле. Көрсө, ырчы кыз мындан үч ай мурун сүйлөшкөн жигити Ильязга турмушка чыккан экен. Ырчынын кайын журту болочок келинин кыргыздын салты менен сөйкө салып, үйүнөн алып кетишиптир. Кызынын бактылуу болушун тилеген ата-эне себин беришип, милдеттеринен кутулушту.