Ырчылык өнөрү менен бирге скрипкада да жогорку деңгээлде ойногон Алькамиль Японияга сапар алды. Япондор уюштуруп жаткан дүйнө жүзүндөгү кыл аспапчылардын кароосуна Кыргызстандан жалгыз Алькамиль ат салышууда. Ырчы кароодо кыргыздын классикага айланган чыгармаларын аткаруу үчүн көп даярдыктардан өткөн. Алькамилдин ийгилик менен кайтышына тилектешпиз.