Мастопатия – сүт безинин (эмчектин) ткандарынын залалсыз өзгөрүүсү. Башкы себеби организмдеги гормондордун тең салмагынын бузулушунан улам келип чыгат.
Мастопатия – аялдар арасында эң көп кездешкен оору. Кийинки кезде бул оорунун көбөйүп бараткандыгы байкалууда. Өкүнүчтүүсү, бул оору төрөт курагындагы аялдардын 60-80 пайызында кездешип жаткандагысы.
КЕЛИП ЧЫГУУ СЕБЕПТЕРИ
Мастопатия жалпысынан диффуздуу жана түйүндүү болуп экиге бөлүнөт. Оорунун келип чыгуу себептери төмөндөгүлөр:
Этек кир цикли жыныстык гормондордун, эстрогендин жана прогестерондун арты менен иретке салынып турат. Эгер гормондордун саны көбөйүп же азайса, сүт безинин түзүлүшүндө өзгөрүүлөр боло баштайт. Кээде мастопатия сүттүн пайда болушун шарттап, энелик инстинкти калыптандыруучу пролактин гормонунун ашыкчалыгынан келип чыгат. Башкача айтканда, жылдап бойго бүтпөгөн учурда же аборт жасалган учурда пролактин көбөйөт да, ооруну жаратат.
Эне тараптан ген куушу мүмкүн.
Секс аялдын жашоосунда бир калыпта болболсо, организминде гормоналдык бузулуу келип чыгып, мастопатияга алып келет.
Көп ирет бойдон алдырганда мастопатиянын келип чыгышына коркунуч 3 эсе жогорулайт.
Стресс бул – иммундук системага сокку болуп эсептелет. Иммундук система начарласа, организм ооруга кабылат.
Оорунун баштапкы өнүгүү мезгилинде оорутуу анчалык билине бербейт. Бир караганда тынчсызданууга себеп жоктой сезилет. Андыктан, аял кокус ооруну өткөрүп жибербеши үчүн жылына 1-2 ирет маммологго көрүнүп, УЗИге түшүп туруусу зарыл.
ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
Кармалаганда эмчектин ичинде майда түйүндөрдүн (бүдүрчөлөрдүн) же чоңураак түйүндүн бар экендиги байкалат жана оорутуу сезилет. Колтук алдындагы без чоңоюп, эмчектин үрпүнөн суюктук (саргыч же каралжын, бозомук түстөгү же кан аралаш суюктук) бөлүнүп чыгат. Оорутуу этек кир келээрден бир нече күн мурун пайда болуп, этек кир келгенде билинбей калат. Бул аялдын этек кири келгенде гормондордун өзгөрүшүнөн улам болот. Оорунун өтүшүп бараткандагы белгиси болуп оорутуунун ийинге, колтукка чейин берилиши эсептелет. Эмчекке бир нерсе акырын эле тийип кетсе да ооруганы сезилет.
ДИАГНОЗ КОЮУ ЖАНА ДАРЫЛОО
Мастопатия өзүнөн-өзү айыкпайт. Андыктан, аны дарылоо кажет. Болгондо да бул оору узакка дарыланууну жана дайыма дарыгер-маммологдун байкоосунда болууну талап кылат. Ошондуктан, өз алдынча дарылануу тескерисинче, жыйынтык алып келбей, оорунун тереңдешине алып келээрин эске алуу зарыл. Аял оорусу жаңы башталганда дарыланса, оорудан 90-100 пайыз айыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк болот.
Диагноз коюу үчүн сөзсүз УЗИ жана маммография жүргүзүлөт. Маммография – сүт бездеринин рентгендик сүрөтү. Бул этек кир келээрден 5-10 күн мурун жүргүзүлөт. Оорунун түрүнө карата дарылоо ыкмалары сунушталат. Гормоналдык дарылоо ыкмасы да колдонулушу мүмкүн.
Ооруган аялдарга жашылча-жемиштерди көп жеп, витаминдерди кабыл алуу, ошол эле учурда кызыл демделген чайды, кофени аз ичүү, шоколадды аз жеп, тамекиден баш тартуу талап кылынат.
Мастопатия кокустан залалдуу шишикке айланып кетпесе, өмүргө кооп туудурбайт. Оору өтүшүп кетсе операция жасалат.
ООРУНУН АЛДЫН-АЛУУГА КЕҢЕШТЕР
Аялдар эмчектерине көңүл буруп, этек кири келгенден кийинки 6-7-күндөрү күзгү алдына туруп, бир колун жогору көтөрүп, экинчи колу менен эмчегин жана колтук аймагын кармап көрүүсү керек. Эмчегинде же колтук астында түйүнчөлөр (бүдүрчөлөр же майда шишик) байкалса, дароо маммологго кайрылуусу кажет.
Бойдон алдырып, организмге залал келтиргиче бойго бүтүүдөн сактануу зарыл. Мисалы, спираль койдуруп же презерватив колдонуп. Аялдар турмушка чыккандан тартып төшөк кумары менен регулярдуу алектенүүсү керек. Төрөгөндөн кийин баланы жасалма тамактандырууга өткөзбөй, эмизүү да мастопатиянын алдын-алуу болуп эсептелет.
Калкан сымал без йоддун жетишсиздигинен ооруга (богок) чалдыкса, бул да гормондук тең салмактын бузулушуна жеткирип, мастопатияга алып келет. Андыктан, калкан сымал без ооруга чалдыкпаш үчүн курамында йод бар тамак-ашты кабыл алууну унутпоо зарыл.
ДАРЫ ЧӨПТӨРДҮ КОЛДОНУУ
Эскертүү: Дары чөптөрдүн топтомун колдонуудан мурда дарыгер менен кеңешүү зарыл.