Ырчылык капчыгын кампайтпай койгонбу же кризис таасирин тийгиздиби, айтор, Сема Орусияга иштегени кетиптир. Бөлөк жер, бөтөн элде ырчы жигитибиз кадимки эле кыргыз мигранттарындай болуп иштеп жүргөнүнөн же музыкант болгонунан азырынча так маалымат жок. Айрымдардын айтымына таянсак, Сема буюрса, эки жылдан кийин келет экен. Эсиңерге салсак, ырчы буга чейин иниси Жанарбек менен “Сема” тобу деп чыгып жүрчү. Жанарбек Казакстанга иштегени кеткен соң жеке ырчы катары иштей баштаган.