Продюсер Назгүл Насиеванын “Жылдыздар манежде” долбооруна катышкандыгын угуп, айылдаш агалары аябай кубанышкан. Кубанып эле тим болбостон, алар Назгүлгө “кеч болсо да кабыл ал, шаардын так ортосунан сага сулуулук салонун ачып берели” деп сөз беришкен. Күтүлбөгөн белекке сүйүнгөн продюсер учурда шаардан салонго ылайыктуу жер караштырып жүрөт.