Жакында эле Чолпон-Ата шаарында жеткинчектер арасында “Чыгыштын балдары достошот” аттуу Эл аралык фестиваль болуп өттү. Фестивалга катышкан коңшу мамлекеттин балдарынын катарында кичинекей ырчы Темирбек Сайдинов да бар эле. Жыйынтыгында, Темирбек активдүү катышкандыгы үчүн диплом менен сыйланды. Кичинекей ырчынын талантын байкаган режиссёрлор Темирбекке киного тартылуу сунушун да айтышты. Анан да катышуучулар ата-энелери менен бирге түнкүсүн яхтада эс алууну унутушкан жок.