БЕНЗОКОЛОНКА ХАНЫШАСЫ

Жакшы режиссёр сценарийди окуп, анан ага артисттерди тандайт. Мыкты режиссёр алгач артистти көрүп, анан атайын ошол артист үчүн сценарий жаздырат. Ошол сыяктуу “Бензоколонка ханышасы” да бир гана актриса үчүн жазылган. Улуу актриса Надежда Румянцева үчүн...

Режиссёру – Алексей Мишурин, Николай Литус
Сценарийин жазган – П.Лубенский
Оператору – Александр Пищиков
Композитору – Евгений Зубцов
Ролдордо: Надежда Румянцева, Андрей Сова, Алексей Кожевников, Нонна Копержинская, Владимир Белокуров, Павел Винник, Юрий Белов жана башкалар

ЭМНЕ ЖӨНҮНДӨ?
Тасманын башкаарманы Людмила Добрыйвечер (Н.Румянцева) келбетинин келишпегени үчүн эчактан бери эңсеп жүргөн “Муз үстүндөгү балет” ансамблине кабыл алынбай калат да, тагдыр аны такыр эле башка жакка, бензоколонкага туш кылат. Алгач Людмиланын колунан эч нерсе келбейт, анын үстүнө ашпозчу Рогнеда Карповна (Н. Копержинская) жаңы келген кызга көрө албастык кылат. Бирок, жөнөкөй жана шайыр кыз кыска убакыттын ичинде татаал ишти гана (келген машиналарга май куюуну) үй­рө­нүп кетпестен, бүтүн­дөй бензоколонканын ишин өзгөртүүгө жана жамааты менен кардарларынын сүй­мөнчүгү болууга жетишет. Акыры ал кыялындагы муз үстүндө бийчи болбосо да, жөнөкөй бензоколонканын чыныгы ханышасына айланат.

ТАСМАНЫН ТАРЫХЫНАН
“Мосфильмдин” улуу мүдүрү Иван Александрович Пырьев актриса Надежда Румянцеваны көргөндө: “Тезинен бул актриса үчүн атайын сценарий жазылышы керек!”- деп буйрук кылган. Бул буйрук менен актриса үчүн бир эмес, үч сценарий жазылыптыр. Ошентип, 1959-жылы “Жеңилбестер”, 1962-жылы “Кыздар”, 1963-жылы “Бензоколонка ханышасы” жарык көрдү.
Сталин каза болгондон кийин өкмөт элет тургундарынын бардыгына паспорт тараткан да, айыл жаштары шаарды көздөй келе баштаган. Ушундан улам ошол кездеги дээрлик бардык киносынчылардын ою бир эле: “каяктагы бир айылдык немелер келип алып, мында кино тартабыз дешет”. Мындай сынды “Бензоколонка ханышасынын” дарегине да айтпай коюшкан жок. “Тасма жаш кыздарга туура эмес тарбия берип жатат”, “бул советтик милицияга каршы тартылган фильм” деген каршы сөздөр белгилүү гезит беттерине жарыяланчу.
Бирок, аталган кино чыныгы сынчы болгон элге, жөнөкөй советтик көрүүчүгө жакканы анык. “Бензоколонка ханышасы” 1962-жылы прокаттын лидери болгон. Биринчи эле жылы фильмди 34,3 миллион адам көргөн. Статистикалык билдирүүлөргө таянсак, бул тасма популярдуулугу боюнча катар тартылган “Эртең келгиле”, “Апачилердин алтыны”, “Россиядан сүйүүм менен” сыяктуу фильмдерди артта калтырган. Мунун башкы себеби – фильмде сүрөт­төл­гөн жөнө­көй жеңил окуя жана өтө жылдыздуу башкаарман.

КЫЗЫКТУУСУ...

  • Тасма Украинада тартылган. Кино тартуу үчүн ылайыктуу жер издеп Пирятин деген шаарчага токтошкон. Жарык берүүчү аппараттардын айынан кинону чыныгы май куюучу жайда тартууга тыюу салышкан. Ошол себептен жол боюна АЗСтин макетин жасоого туура келген.
  • Күндөрдүн биринде тартуу учурунда жасалма АЗСке алыс жол тартып келаткан жүк ташуучу машина келип токтойт да, айдоочу май куюп берүүлөрүн өтүнөт. Надежда Румянцева эч ойлонбостон: “Сизге май куйбайм! Машинаңыз кир, сакалыңыз алынбаган!”- деп жооп берет. Жини келген айдоочудан “кечириңиз, биз тамаша кылдык. Тааныган жоксузбу, бул Надежда Румянцева” деп атып кутулушкан. Кийин ушул эпизодду жана актрисанын сөздөрүн сценарийде жок болсо да киного кошуп коюуну туура көрүшкөн.
  • 2004-жылы украиналык режиссёр Александр Кириенко “Бензоколонка ханышасы-2” фильмин тартып чыгарган. Анын каарманы да Людмила театралдык окуу жайына өтпөй калып, жөнөкөй эле май куюучу жайды иштете баштайт да, тез аранын ичинде бул жерди эң сонун көңүл ачуучу жайга айландырат. Албетте, тасма оригиналынын ийгилигин кайталай алган эмес.

НАДЕЖДА РУМЯНЦЕВА
Популярдуу «Кыздар» жана «Бензоколонка ханышасы» баш болгон 30га жакын фильмдерде эң мыкты образдарды жараткан Надежда Румянцева быйыл 79га чыкмак. 8-апрель күнү саат 21:40та көпкө созулган оорудан кийин атактуу актриса о дүйнөгө сапар алды. РФнын Эл артисти менен коштошуу үчүн анын күйөрмандары бүткүл КМШ жана чет өлкөлөрдөн келишти.

Надежда Румянцева Москвага жакын Жаворонки деген айылда туулган. Жердигинен уламбы же ичке үнүн жана шамдагайлыгын ушул чымчыктыкына окшоштуруппу, актрисаны баары “Жоваронок” деп тамашалап аташчу. Актрисанын апасы да өз учурунда белгилүү адам болууну эңсечү экен да, «өзүм жетпеген кыялга кызым жетсе экен» деп тилеп, кызынын «киноактриса болом» дегенин дайыма колдоп жүрчү.
Кичинекей Надюша мектепте эле “артистка” деген атка конгон. Мектепти алтын медаль менен аяктап, Москвадагы Борбордук балдар театрына сынакка катышууну чечет. Конкурстун комиссиясы кийин эстегендей, “бою сакадай, көздөрү бакырайган 16 жашар кыз келип, Фамусовдун монологун катыра окуп бергенде, аны окууга албай коюу күнөө эле”.
Эң алгачкы жолу көрүүчүлөр Надежда Румянцева деген ысымды 1952-жылы “Жашоого бет ала...” деген фильмден угушкан. 1957-жылы Оскар Уайльддын “Жылдыз бала” жомогунда эркек баланын ролун аткарганы да көрүүчүлөргө жаңылык эле. Ошондон баштап таланттуу актрисанын фильмографиясы жыл сайын бир фильм менен толуктала баштаган.
Чыныгы популярдуулук актрисага “Кыздар” кинокомедиясынан кийин келди. 31 жашында 18 жашар кыздын ролун аткаруу – ар бир актрисанын кыялы болсо керек. Кодойгон бою бар, ишенчээк жана ажарлуу, ар бир кыймылы, ар бир сөзү күлкү жараткан Тоня Кислицына жаш муундун кыздары үчүн өрнөк болуп чыга келген. Ал эми Надежда жаңы “юбкачан Чаплин” деген атка ээ болуп калат. Бирок, чыныгы наамды, “Эң мыкты аял ролун” актрисага ошол жылдары өткөн «Эл аралык Мар-дель-Плато» кинофестивалы берген.
Ийгилик тепкичинин кийинки кадамына Румянцева жогоруда кененирээк сөз болгон “Бензоколонка ханышасы” деген фильми менен көтөрүлдү. “Мосфильмдин” көркөм кеңеши: “Сценарий боюнча башкаарман жылдыздуу жана сексуалдуу, а силер бизге кимди сунуштап жатасыңар?! Ушул маймылдыбы?”- деп чыккан. Бир аз өтпөй так ошол “маймыл” бензоколонканын гана эмес, орус кинематографиясында комедиянын ханышасына айланат. 1967-жылга чейин кайрадан бир жылда бир фильмде тартылып жүргөн актриса капыстан экран бетинен жоголуп кетет. 1975-жылга чейин ал жөнүндө эч нерсе угулбайт. “Өлүп калыптыр”, “ичип кетиптир”, “түрмөдө экен” деген көптөгөн ушак сөздөр чыгат. Ал эми чыныгы себеп баарынан жөнөкөй эле – актриса сүйүк­түү адамын жолуктуруп калган.
Кесиби дипломат Вилли Вартанович Хштоян улуту боюнча армян экен. Румянцева кийин журналисттерге берген интервьюларында: “Виллиге кезиккенде деле толтура аткарыла элек ролдорум бар болчу. Ал эми жолдошумдун кесиби башка өлкөгө кетүүнү талап кылып жаткан. Мен көп ойлонгон жокмун, жолдошумдун жумушун өзүмдү­күнөн жогору бааладым”,- деп айткан.
Надежда Румянцева чет өлкөдө, көбүрөөк Египетте жана Малайзияда дээрлик 15 жыл жашады. Албетте, мынча убакытта ал толгон жаңы образдарды жаратууга жетишмек. Бирок, актриса такыр башка, жүрөгүнө жакыныраак нерсени тандады. “Менин жолдошум “Надежда Румянцеванын күйөөсүмүн” деп айтпашы керек, тескерисинче, мен “Вилли Вартановичтин аялымын” деп айтышым керек”,- деп актриса көп жолу айтып калчу.
СССРге жубайлар 1980-жылдардын башында кайтып келишкен. Ушундан кийин Надежда 5 чакты жаңы фильмге тартылып, 1990-жылдары балдар үчүн арналган “Будильник” деген телекөрсөтүүнүн алпаруучусу болуп иштөөнү чечет. Ар жекшемби сайын актрисаны экрандан көрүү – балдар үчүн гана эмес, актрисаны бир топ сагынып калган улуу муун үчүн да өтө жагымдуу нерсе эле. Мындан сырткары, Румянцеванын кайталангыс үнү менен көптөгөн мультфильм каармандары сүйлөгөн. Алардын ичинде “38 тоту куш” мультфильминдеги Мартышка, америкалык “Өрдөктөрдүн жоруктары” мультфильминдеги Диллини айтса болот. Бул жерде дагы белгилеп кете турчу нерсе бар: актриса атактуу “Кавказ туткуну” комедиясындагы башкаарман Нинанын үнүн дубляж кылган.
Тилекке каршы, ушул кино, мультфильмдерди көрбөй өскөн, улуу актрисаны тааныбагандар, анын эмгегин баалабагандар да бар көрүнөт. 1996-жылы актрисанын үйүнө эки жаш кылмышкер уурулукка кирген. Албетте, алар максатына жете алышкан жок, себеби, кары болсо да Вилли Вартанович алдуу болуп, чакырылбаган “конокторго” каршылык көрсөтө алган. Бирок, ошол зөөкүр­лөрдөн башына эки жолу муш жеген актриса ошол күндөн тарта баш оорусуна чалдыккан.
Бул жагымсыз окуядан кийин жолдошу Москвадан көчүп кетүүнү чечет да, алар Владимир Путиндин дачасына жакын жерден чакан үй алып, тынчыраак аймакка барып жашашат. Надежда Румянцева гүл багып, кышкы салаттарды даярдап, жолдошуна даамдуу тамак бышырып, кыскасы, кадимки кожойкеге айланат. Мунусун күйөөсү Вилли Хштоян дайыма баалачу. Ал “мен сени сүйөм” деген сөздү күн сайын жубайына айтууну унутпаган.
Кийинки жылдары актрисанын баш оорусу күчөп, иммунитети начарлап, алдан тая баштаган. Бирок, акырына чейин доктурлар актрисага так диагноз коё алышкан жок. Жашоосунун акыркы мүнөттөрүн актриса сүйүктүү жолдошунун жанында өткөрүп, анын колунда көз жумган.

Бетти даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 285, 18-24-апрель, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан