ЭлТр коомдук телеканалы көңүл ачуучу жана маалыматтык көрсөтүүлөр үчүн алпаруучуларга кастинг жарыялайт. Камерадан тайманбаган, сүйлөсө тилинен бал тамган 18 жаштан 30 жашка чейинки улан-кыздар 5-июлдан 15-июлга чейин өтүүчү сынакта өздөрүн сынап көрүшсө болот. Кастингге катышууну каалагандар 90-61-43; 90-61-44 телефондорунан кененирээк маалымат ала алышат.