Бишкек шаарынын мэринин кубогу үчүн дзюдо боюнча мелдеш болуп өттү. Спорт Ордосунда болгон бул мелдештин абдан көп сүйүүчүлөрү бар экен. Жүздөгөн элдин алдында аталган мелдешти рэпер Добр сальто ашып, ар түрдүү трюктарды жасап, ыр менен ачты. Айта кетсек, Добр өзү самбо боюнча спорт чеберине талапкер болуп саналат.