Ырчы кыз Фарида Карбозова Италияда жашаган эжесине борбордо өткөн концертин дискке көчүртүп берип жиберген. Ал жактагылар Фариданын ырын угуп, эжесинен итальянча которуп берүүнү өтүнгөн. Ырчынын ырын жактырып калгандар Фариданы Италияга чакырышууда. Ошентип, Фариданын буту-бутуна тийбей, чет элге документ даярдап жүргөн учуру.