Теледен гана көрүнбөй, концерттерди, той-топурду да алпарып жүргөн Назира Айтбекова эми ди-джейликти аркалай баштады. Тактап айтсак, жакында эне болом дегенине карабай, Кыргыз радиосунда “Браво” теледолбоорунун радиого ылайыкташкан вариантын алып барууда. Эки-үч иштин башын кармайм деген алпаруучу эмнеси болсо да, аман-эсен көз жарып алса экен деп тилейбиз.