Кыргыз шоу-бизнесин багындырып келе жаткан Мирбек Атабековду көпчүлүк жакшы көрөрү турган кеп. Бирок күйөрмандары “Кыргызстан Обондору” радиосунан Мирбектин ырларын такыр уга алышпайт көрүнөт. Анткени эртеден-кечке тыңдаган угармандар бул жагдайдын чоо-жайын бизден сураштырып жатышат. Чын эле, эмне үчүн Мирбектин жаңы ырлары жаңырбай жатат? Же радионун жетекчилиги менен ырчынын продюсеринин ортосун кара мышык араладыбы?