Жакында Жанета Бобковага чыгармачылык жолунда 11 жыл талбай эмгектенгени үчүн “Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери” деген төш белги ыйгарылды. Ырчынын сүйүнүчү бул гана эмес. Жолдошу Денистин ишкер досу ырчынын талантын сыйлагандыгы үчүн Мерседес 600 үлгүсүндөгү машина белек кылды.