Төкмө акын Азамат Болгонбаев бүгүн 10-июлда үйлөнмөкчү. Келинчегин кичи мекени Арашан айылына, ата-энесинин маңдайына алып барган төкмө беш күндөн кийин Бишкекте чоң той өткөрөт. Азаматтын жубайы Жайнагүл Бишкек мэриясынын алдындагы "Доор" ансамблинин ырчысы.