Аранжировщик Жаныш Момунов буга чейин кыргыз ырчыларына гана аранжировка жасап келсе, эми кардарларынын катарын казактар да толуктады. Тактап айтканда, кайдан укканы белгисиз, жаңыдан чыгып келе жаткан казак ырчылары Жанышка аранжировка жасатып берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Казакстанда бир ырдын аранжировкасы 500-1000 доллар болсо, Жаныш 300 доллардан жасап берүүдө.