Шоу-бизнестин оор түйшүгү бир жагынан, шаардын ысыгы экинчи жагынан кыйнап жибергендиктен, Бекчоро кичи мекени Казарманга жол тартты. Биротоло чыгармачылыкты таштады деп ойлобоңуз, болгону эс алып келгени гана. Айылдагы туугандарынын баарына белек алып кеткен ырчы эми борборго сентябрь айында келмекчи.