Аккан арыктан суу агат дегендей, айтылуу Шорпо аталган куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу Алмаз Алыкулов да элге ырчы жана тамада катары таанылып келаткандыгы маалым. Ал жакында тасмага тартылып, өзүн актёрлук жактан да сынап көрдү. Ага "Сүйүүдөгү көз жаш. Эгиздер тагдыры" тасмасында башкы ролду ойноо ишенип тапшырылган. Мындан тышкары, Алмаз "Кусалык" деген ырына жаңы клип тарттырды. Ал клип аталган тасманын саундтреги да болду.