Кыздардын бирин эмес, бир нечесин артынан ээрчиткен Султан Садыралиев сүйгөн кызы менен эки айрылыш жолго түшкөнүн уксаңыз чыгар. Мындай кадамга барууга эмне себеп болду? Так жооп азырынча жок. Султандын жакын тааныштарынын айтымында, ырчы ошондон кийин эч нерсеге көңүлү келбей, көңүл ачар кечелерге да катышпай жүргөн имиш. Эмнеси болсо да, Султан эстүү жигит эмеспи, баарын артка таштап, жаңы ырлары менен күйөрмандарын сүйүнтөрү турган иш.