Айя Садырова эмне эле бир күнү Казакстанда, эртеси Кыргызстанда чабуулдап жүрөт десе, жакында боло турган үлпөт тоюна камданып жатыптыр. Болочок күйөө балабыз бишкектик бизнесмен жигит экен. Той боло турган күн жакындаган сайын чый-пыйы чыккан ырчы пландаган клиптерин тарттырып калууга далбастап жатат. Анткени турмушка чыккандан кийин орун-очок алгыча чыгармачылык бир аз токтоп калары айтпаса да белгилүү эмеспи.