БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА

Бактыгүл 1985-жылы 29-майда Ошто төрөлүп, Токмокто өскөн. Музыкадан тышкары сууда сүзүүнү, түрдүү тамак-аштарды даярдаганды жакшы көрөт. “Жашоо керемет жана таңкалаарлык” деген девизди туу тутуп алдыга максаттуу умтулууну сүйгөн Бактыгүл учурда жеке ырчы.

– Бактыгүл, чыгармачылыкка качантан бери аралашып келатасың?
– Музыкага бала кезимден эле кызыкчумун. Күзгүнүн астында ар нерседен микрофон жасап алып, ырдап кыялдангандарым эсимде. Ал эми чоң сахнага чыкканыма бир жыл болду. Алгач Сыймык Бейшекеевдин тобунда ырдап, гастролдорго чыгып аз да болсо музыка дүй­нөсү менен таанышып жүр­дүм. Бирок, топто ырдасаң элге жакшы тааныла албайт экенсиң. Ошондуктан, жеке ырдаганды көздөп өз алдымча чыгып кеттим. Жекече чыга баштаганымда “Махабат арманы” деген ырды жаздым. Сөзүн да, обонун да өзүм жараткангабы, айтор, ушул ырым менин чыгармачылыгыма чоң өбөлгө болуп, музыкага болгон кызыгуумду күчөттү.
– Сахна сага эмнеси менен кызык?
– Ар бир сахнага чыкканым мен үчүн чоң бакыт. Ошондон улам гастролго чыкканды да жакшы көрөм. Себеби, күнүгө сахна, сени караган, суктанган көздөр, күйөрмандарыңдын колдоосу. Анан дагы сахнада мен өзүмдү эң сулуу жана бактылуу сезем.
– Ырчы болгонуңа ата-энең каршы эмеспи?
– Негизи, атам менин ырчы болушума каршы. Ошондон улам “Ырчы болсоң акча бербейм. Билим алам десең каалаган окууңа окутуп, сураган акчаңды берем” дейт. Ал эми апам менин жан-дүйнөмдү толук түшүнүп, чыгармачылыгыма колдоо берип келет. “Мейли ырчы бол, мейли актриса бол, иши кылып турмушта жаңылбай өз жолуңду таап кетсең болду” деп айтат.
– Демек, актриса болууга да кызыгат турбайсыңбы?
– Ооба, актриса болуп киного тартылуу – менин кичине кезимден берки тилегим. Келечекте ырчылык менен актрисалыкты ала кетсем деген да оюм бар. Мени Таттыбүбү Турсунбаевага окшошсуң деп киного тартылууга чакырышкан. Учурда мен тартыла турган кинонун сценарийи жазылып жатат.
– Сулуулугуңа суктанган жигиттер көп болсо керек?
– Чынын айтсам, “сулуусуң” деген сөздү мен күнүгө угам. Ошондон улам сулуулугумду эмес, ички дүйнөмө жараша мамиле кылгандарды баалайм. Ал эми комплимент айта бергендерге көп көңүл бурбайм.
– Сүйгөн адамың барбы?
– Болгон. Бирок, учурда жок.
– Сага колдоо көрсөтүп жүр­гөн табышмактуу “олигархтын” бар экендиги көп­чү­лүккө маалым. Бул тууралуу өзүң эмне дейт элең?
– «Олигархтын» бар экени чын. Бирок, мен ал адамдын колдоосунан пайдалана да, ага таяна да элекмин. Азырынча чыгармачылыгыма апамдын жардамы, берген акчасы жетиштүү.
– Колуңду сураган жигиттер барбы?
– Менин колумду 16 жашымдан бери сурап келаткандар да бар. Бирок, турмушка чыгып, үй­бүлө курууга мен азырынча даяр эмесмин.
– Кандай белектерди жакшы көрөсүң?
– Негизи, мен белекке алтын алганды жакшы көрөм. Менин бул сырымды билген жакындарым, курбуларым мага дайыма алтын белек кылышат. 18 жашка толгонумда апам мага айдын элеси тартылган кулону менен алтын чынжырча белек кылган. Мен кайда барбайын, сууга түшсөм да ошол чынжырча дайыма моюнумда жүрөт.
– Ушул жайды кантип өт­көрөйүн деп жатасың?
– Буюрса, ушул жайда ырларымдын баарын “раскруткага” берип, чыгармачылыктын үс­түн­дө гана иштейм деп турам.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Rostov-on-Don
2012-11-17 00:26:08
Киносу дагы деле чыккан жокко же жазылып буто элекби?быйыл 2012 жыл 16-ноябрь
0
missnelya
2013-04-05 19:01:18
ааа,Таттыбубу Турсунбаевага окшош деп анан ызы-чуу болгон ушул макаладан кийин чыкса керек да. Чындыгында ал кино качан чыгат? Быйыл 2013, 5 апрель.
0
Genar.benicio
2016-01-08 14:39:39
Бактыгул эженин киносу качан чыгат?!Супер инфо кабар алып коюнуздарчы Бактыгул Бадыевадан?!
Быйыл 206.01.08 жума
0
admin_superstan
2016-01-08 15:10:55
Genar.benicio,
Саламатсызбы! Сунушуңуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 188, 9-15-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан