Мотурайган Исанын күйөрмандары ырчыга сюрприз тартуулады. Дегеним, ырчы лагерде эс алып жүргөн кезинде күйөрмандарынан сүйүнүчтүү кабар уккан. Ал жаңы төрөлгөн наристеге Исанын ысымы ыйгарылганы эле. Бул жылуу кабарды уккан ырчы эс алуусу бүткөндөн кийин, ал наристеге белек-бечкегин алып, көргөнү барарын билдирди.