Жакында Добр шаарыбыздын кафелеринин биринде достору менен эс алып отуруп, Жика аттуу кызга көзү түшүп калган. Демейде досторунун арасында шайыр отурган ырчы сулуу кыздан сүрдөп, жадакалса телефон номурун да сурай албай койгон. Эртеси гана эсине келип, досторун ортого салып жатып издеген номурун таап, СМСтерди жибере баштаптыр. “Буга чейин мындай сезимге кабылып көргөн эмесмин” деп кошумчалайт ырчы жигит.