Айчүрөк Иманалиева менен Анжеликанын ортолорунда түшүнбөстүктөр болгонун гезитибиздин өткөн санында жарыялаган элек. Андан кийин Анжелика редакцияга телефон чалып, Айчүрөк эжекесинен кечирим сурарын билдирди. “Устатымды мынчалык таарынтып алам деп ойлогон эмесмин”,- дейт Анжелика. Учурда устат-шакирт бири-бирин кечиришип, мурункудай негизде иштешүүнү чечишиптир.