Жаңылыштык болуп кеттиби же ырчы жигитибиздин күйөрмандарынын жоруктарыбы, айтор, Айдин Шер бирдикке байып турган кези. Ырчы жигитибиз чөнтөк телефонунун балансына 4600 бирдик салып койгон адамды “качан байланышка чыгар экен?” деп күтүп жатат. Айта кетсек, ырчы буга чейин телефонуна мынча көп бирдик жүктөп көрө элек экен.