Болочок перзентинин камын көргөн жылдыздуу жубайлар Урмат менен Неля үйүн өз колдору менен оңдоп-түзөп жатышкан учуру. Оригиналдуу үй жасалгасына Урмат өзүнүн сүрөтчүлүк өнөрүн да пайдаланып жатыптыр. Айтымдарына караганда, жарыкка мына-мына келем деп турган туңгуч наристе “өзгөчө” үйдө чоңоймокчу. Жайдын аптабы эс алууну талап кылып турса да, август айына чейин оңдоо иштерин бүтүрүүгө жанталашып жаткан жубайларга “иш илгери болсун!” демекчибиз.