Ырчы Сайкалдын обон жаратууга да таланты бар көрүнөт. Буга чейин жараткан обондору туурасында эжекелерине айтканда «Кыз-Бурактын» жетекчилери көңүл деле бурушкан эмес. Ырчы кыз алгачкы обонун Айжамалдын “Сүйөм сени” аттуу ырына жазды. Ошондой эле жакында ал Мирбек Атабеков менен дуэт ырдап чыкмакчы. Бул ырга тартылуучу клиптин каражаты толугу менен “Кыз-Бурак” тараптан болот.