7-9-август күндөрү берметибиз болгон Ысык-Көлдүн “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийинде, “Асыл-Таш” жана “Алтын-Кум” пансионаттарынын жээгинде “Тамашоу” Лигасынын күлкү акциясы өттү. Тамашоучулар бул күндөрү көл жээгиндегилердин эс алуусун шаңдуу өткөрүүгө аракет кылышты. Алар ар түрдүү көңүл ачуучу конкурстарды уюштурушуп, тамашалары менен көрүүчүлөрдүн боорун эзишип, дискотека уюштурушту. Тамашоучулардын тартуулаган күлкүсүнө акцияга демөөрчүлүк кылган Beeline соода маркасы ыраазычылыгын билдирип, команданын катышуучуларына ар кандай белектерди тартуулады. «Тамашоунун» мындай күлкү акциясы көл жээгинде күзгө чейин өтөт деп пландалууда.